Чавушоглу: «Орусия жана Америка ПКК/ЙПГны чыгарып кетүү убадаларын аткарышкан жок»

Чавушоглу бир телеберүү программасына катышып түз эфирде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

1726307
Чавушоглу: «Орусия жана Америка ПКК/ЙПГны чыгарып кетүү убадаларын аткарышкан жок»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «ПКК/ЙПГнын кол салуулары көбөйдү. Орусия да, Америка да (АКШ) аларды чыгарып кетүү боюнча берген убадаларын аткарышкан жок. Мындай кырдаалда биз зарыл нерсени жасообуз керек»,-деп айтты.

Чавушоглу бир телеберүү программасына катышып түз эфирде күн тартибине байланыштуу суроолорго жооп берди.

Жикчил террордук уюм ЙПГ/ПККнын кол салууларынан улам Сирияда болушу мүмкүн болгон операция, Сирияга байланыштуу Орусия жана АКШ менен болгон байланыштар тууралуу суроого Чавушоглу: «Биз АКШ менен, Сирия боюнча макулдашкан өлкөлөр менен жолугушуу же Сирияны колдоо боюнча эл аралык топтун жыйынын өткөрүү идеясын сунуштадык, ошонун үстүндө иштеп жатабыз»,-деп жооп берди.

Чавушоглу бул форматтарда тез-тез жолугушканын, андан кийин Астана форматынын ишке киргенин эске салып: «Учурда мындай жолугушууга муктаждык бар. Биз орустарга да, Иранга да төмөнкүдөй билдирүүнү айтып жатабыз: «Силер көрдүңөр, режимге да муну айткыла, аскерий чечим мүмкүн эмес», - деди.

Чавушоглу Дамасктагы террордук кол салуу менен режимдин Идлибге кол салууларынын өлкөдөгү конституциялык сүйлөшүүлөргө терс таасирин тийгизгенин түшүндүрүп:«Бул процесс жалгыз чечим. Башкача айтканда, оппозиция менен режим чогулуп, Сириянын келечегин макулдашат»,-деди.

Чавушоглу, Сириядагы режимдин аскердик чечимге артыкчылык бергенин, бирок бул жаңылыштыктын артка кайтарылышы керектигин белгилеп, саясий процесске колдоо көрсөтүүнүн маанисин баса белгиледи.

Түркиянын Сириянын жеринин бүтүндүгүн колдогондугун белгилеген Чавушоглу сөзүн улап: «ПКК баарыбыз үчүн коркунуч. Алар үчүн да, бизге да коркунуч. Акыркы учурда ЙПГ/ПККнын кол салуулары көбөйдү. Тилекке каршы, Орусия да, АКШ да аларды чыгарып кетүү убадасын аткарышкан жок. Ошондуктан. , Мындай кырдаалда биз зарыл болгон нерсени жасоого тийишпиз»,- деди.

Министр Чавушоглу президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда бул маселелерди көтөргөнүн жана АКШнын президенти Жо Байден менен өткөрүшү күтүлгөн жолугушууда да сүйлөшө турганын айтты.

Чавушоглу «Тынчтык булагы» операциясынан кийин АКШ жана Орусиянын Түркия менен жетишилген келишимине токтолуп:«АКШ турган жерлерде АКШ, Орусия бар жерде Орусия бул ПКК террористтерин 30 километр ылдый түшүрмөк. Азырынча алар убадасына турушкан жок. Булар ушундай. Убада бергенде сөзүбүзгө турабыз. Келишимге кол койгондо эмне керек болсо ошону жасайбыз. Бирок мен аны ачык айтам. Мен Орусия үчүн да, АКШ үчүн да сүйлөп жатам. Алар сөзүнө турган жок. Тескерисинче, АКШ аларды колдоону улантты. Албетте булар жыйында талкууланат».

Президент Эрдогандын ыктымал операцияга байланыштуу керектүү билдирүүлөрдү жасаганын белгилеген Чавушоглу Эрдогандын «Бир түнү капыстан» деген сөзүнө да токтолду.

 



Тектеш кабарлар