Эрдоган: «Жетиштүү, аш болумдуу жана коопсуз тамак-ашка жетүү ар бир адамдын негизги укугу»

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюмунун Азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча жооптуу министрлеринин 8-конференциясына видео кайрылуу жолдоду.

1725649
Эрдоган: «Жетиштүү, аш болумдуу жана коопсуз тамак-ашка жетүү ар бир адамдын негизги укугу»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, жетиштүү, аш болумдуу жана коопсуз тамак-ашка жетүүнүн ар бир адамдын негизги укугу экенин айтты.

Эрдоган Ислам Кызматташтык Уюмунун Азык-түлүк коопсуздугу жана айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча жооптуу министрлеринин 8-конференциясына видео кайрылуу жолдоду.

Билдирүүсүндө дүйнө калкынын саны көбөйүп жаткан учурда глобалдык азык-түлүккө болгон суроо-талаптын да күндөн-күнгө өсүп жатканын белгилеген Эрдоган, табигый кырсыктар, суу тартыштыгы, токой өрттөрү, суу ташкындары, эрозия жана кургакчылык сыяктуу климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттеринин да азык-түлүк ресурстарына зыян тийгизип жатканын айтты.

Коронавирустук эпидемия айыл чарбасында суроо-талаптын тең салмактуулугун бузуп, жеткирүү чынжырында үзгүлтүккө учуратканын билдирген Президент, дүйнө калкынын болжол менен 10 пайызы ачарчылык коркунучу алдында турганын баса белгиледи.

Эрдоган бир тарапта 810 миллион адамдын эң негизги азык-түлүккө мүмкүнчүлүгү жок экенине, экинчи тарапта ири капитал ээлеринин бир нече мүнөттүк туристтик космостук саякатына жүз миллиондогон доллар сарптай ала турганына көңүл буруп: «Байланыш ушунчалык кеңири кулач жайып, дүйнө глобалдык айылга айланган ушундай заманда, эч кимдин «мага эмне башка бирөөлөрдөн» деп айтууга акысы жок. Жетиштүү, аш болумдуу жана коопсуз тамак-ашка жетүү артыкчылык эмес, ар бир адам үчүн негизги укук. Ислам Кызматташтык Уюмунун мүчөлөрү катары, адилеттүү дүйнө үчүн үнүбүздү көтөрүү – адамзатка болгон жоопкерчилигибиздин зарылчылыгы. Албетте, эң оболу өз ара тилектештигибизди жана кызматташтыгыбызды арттыруу чоң мааниге ээ»,-деп айтты.

Эрдоган кенен айдоо аянттары жана ылайыктуу географиялык жана климаттык шарттары менен көптөгөн айыл чарба продукциясында дүйнө лидери болгон Түркиянын тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланылышын каалагандарын маалымдады.



Тектеш кабарлар