Ирактын түндүгүндө жана Мардин элет жеринде террорго каршы операциялар жүргүзүлдү

Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жана ички иштер министри Сүлейман Сойлу социалдык медиа эсебинде террорго каршы күрөшүүлөр жарыяланды.

1724655
Ирактын түндүгүндө жана Мардин элет жеринде террорго каршы операциялар жүргүзүлдү

Ирактын түндүгүндө жикчил террордук уюм ПККга мүчө 4 террорист жок кылынды.

Улуттук коргоо министрлигинин Твиттер баракчасында жасалган билдирүүдө,"Террористтердин уясына ок атууну улантуудабыз. Ирактын түндүгүндөгү Зап жана Метинада аныкталган ПККнын 4 террористи биздин аба күчтөрүбүз тарабынан таасирсиз кылынды. Операцияларыбыз эффективдүү жана чечкиндүү түрдө улантылат!"деген сөздөр камтылды.

Бир тараптан ички иштер министри Сүлейман Сойлу Мардинде бирөөсү террористтер тизмесинде «боз категорияда» болгон эки террористтин өлүгү табылганын жарыялады.

Сойлу социалдык медиа эсебинен жасаган билдирүүсүндө, Мардиндин Артуклу айыл аймагында полициянын атайын операция топтору тарабынан жүргүзүлгөн жана 3 күнгө созулган операция ийгиликтүү аяктаганын белгиледи.

Операциянын аягында бирөө террористтердин тизмесинде «боз категорияда» болгон 2 террористтин таасирсиз абалга келтирилгенин белгилеген Сойлу, полицияны куттуктады.



Тектеш кабарлар