Чавушоглу Корея согушунун шейиттерин зыярат кылды

Чавушоглу эстелик жана музейди зыярат кылгандан кийин   ардак китебине кол койду.

1723880
Чавушоглу Корея согушунун шейиттерин зыярат кылды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түштүк Кореянын Пусан шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун мемориалдык көрүстөнүнө зыярат кылды.

Чавушоглу Твиттер баракчасынан берген билдирүүсүндө Пусандагы БУУнун мемориалдык көрүстөнүнө зыярат кылгандарын жана шейит болгон түрк аскерлери үчүн дуба кылышкандарын айтты.

Көрүстөндө өткөрүлгөн аземде эстеликке гүлчамбар койгон Чавушоглу эстелик жана музейди зыярат кылгандан кийин   ардак китебине кол койду.



Тектеш кабарлар