Эрдоган Түркия-Африка экономика жана бизнес форумуна катышты

Эрдоган: «Түркиянын жетекчилигинде Түрк Кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Африка өлкөлөрүнө вакцина жардамын беребиз»

1723703
Эрдоган Түркия-Африка экономика жана бизнес форумуна катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркиянын жетекчилигинде Түрк Кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте Африка өлкөлөрүнө вакцина жардамын беребиз»,- деди.

Эрдоган Стамбулдагы Конгресс борборунда Түркия-Африка экономика жана бизнес форумуна катышты.

Түркиянын Африка өлкөлөрү менен болгон карым-катнаштарына баа берген Эрдоган: «Биздин ортобуздагы чын ыкластуу байланыштардын алдыдагы мезгилде дагы да бекемделерине ишенем. Континенттеги инвестицияларыбыздын наркы 6 миллиард доллардан ашты. Ушундайча аймак менен болгон соодабыз 2020-жылдын аягында 25,3 миллиард долларга өстү. Максатыбыз муну 50 миллиард долларга, андан кийин 75 миллиард долларга жеткирүү»,-деди.

Эрдоган: «Африка элдери чоң саламаттык сактоо кризисинин алдында жалгыз калышты жана эпидемияга каршы күрөшүүдө эч кандай жардам ала алышкан жок. Түркиянын жетекчилигинде Түрк Кеңешинин мүчөлөрү менен биргеликте континенттеги өлкөлөргө вакцина боюнча жардам беребиз. Медициналык жабдуулар жана каражаттар менен камсыздала турган мамлекеттердин арасында 44 Африка өлкөсү да бар»,- деп айтты.

Президент Эрдоган: «Башыбыздан өтүп жаткан азаптар ачык көрүнүп турганда вакцина маселесине жалаң каржылык кызыкчылык жана пайданын негизинде мамиле кылууну туура эмес деп эсептейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар