Түркия менен Ирандын ортосунда коопсуздук тармагында кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Ирандын борбору Тегеранга барган ички иштер министри Сулейман Сойлу менен кесиптеши Ахмед Вахиди эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду жана биргелешкен пресс билдирүү жасалды.

1722812
Түркия менен Ирандын ортосунда коопсуздук тармагында кызматташуу меморандумуна кол коюлду

Түркия менен Ирандын ортосунда коопсуздук тармагында кызматташуу меморандумуна кол коюлду.

Расмий жолугушуулар үчүн Ирандын борбору Тегеранга барган ички иштер министри Сулейман Сойлу менен кесиптеши Ахмед Вахиди эки тараптуу жана делегациялар аралык жолугушуулардан кийин өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду жана биргелешкен пресс билдирүү жасалды.

Сойлу өз сөзүндө: «ПКК террордук уюму жана бардык террордук уюмдар менен күрөшүүдө биргелешип жалпы эркти көрсөтөбүз. Көптөгөн жумушчу топторубуз бар жана бул эки өлкөнүн талаптарын жана динамикасын ачыкка чыгарды. Бүгүн биз дагы бир жолу терроризмге каршы күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүбүздү жана биримдигибизди тастыктадык»,-деп айтты.

Ооганстандагы акыркы окуялардан кийин мыйзамсыз иммиграция мобилизациясына каршы биргелешкен аракеттерди жана мыйзамсыз иммиграция менен күрөшүүнү дагы бир жолу талкуулашкандарын белгилеген Сойлу, министрликтердин ар түрдүү тармактардагы кызматташтыгын кеңейте турган түшүнүшүү меморандумуна кол койгондорун айтты.

Вахиди ошондой эле Түркия менен Ирандын ортосундагы карым -катнаштарда эки өлкөнүн элинин кызыкчылыгына кызмат кыла турган терең жаңы мезгил баштала турганын белгилеп: «Биз кутумчулардын Иран менен Түркиянын ортосундагы мамилелерде көйгөйлөрдү ойлоп табуусуна жол бербейбиз»,-деди.

Кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандуму эки өлкөнүн коопсуздук кызматташтыгын арттырууга жана өнүктүрүүгө багытталган. Меморандум эки өлкөгө, өзгөчө чек ара аймактарына тиешелүү ар кандай террордук жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан укук коргоо органдарынын бардык түрлөрүн өз ара өнүктүрүүнү карайт.



Тектеш кабарлар