Евфрат калканы операциялык аймагындагы кол салуудан 2 аскерибиз шейит болду

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, кол салуунун террористтер тарабынан Азез менен Маренин ортосундагы операциялык аймакка Тел Рыфат аймагынан башкарылуучу ракета менен жасалгандыгы белгиленди.

1717563
Евфрат калканы операциялык аймагындагы кол салуудан 2 аскерибиз шейит болду

Сириядагы Евфрат калканы операциялык аймагында жикчил террордук уюм ПКК/ПЙДга таандык террористтер тарабынан бронетранспортерго багытталган ракета менен жасалган кол салуунун натыйжасында шейит болгондордун саны 2ге жетти.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, кол салуунун террористтер тарабынан Азез менен Маренин ортосундагы операциялык аймакка Тел Рыфат аймагынан башкарылуучу ракета менен жасалгандыгы белгиленди.

Биринчи билдирүүдө, кол салуунун натыйжасында, Сириядагы ыкчам тобунда кызмат өтөгөн 1 атайын операциялык полиция кызматкери шейит болгону жана жарадар болгон 3 атайын операциялык полициясынын 1инин абалы оор экени маалымдалды.

Ички иштер министри Сүлейман Сойлу, социалдык медиа эсебинен бөлүшкөн билдирүүсүндө, дагы бир жараланган атайын операциялык полициясын куткаруу мүмкүн болбогонун жана шейиттердин санынын экиге жеткенин жарыялады.



Тектеш кабарлар