Түркия - Иран саясий сүйлөшүүлөрү аяктады

Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

1717063
Түркия  - Иран саясий сүйлөшүүлөрү аяктады

Түркия менен Ирандын ортосундагы саясий сүйлөшүүлөр аяктады.

Тышкы иштер министрлиги соцтармактан маалымат берип, сүйлөшүүлөрдүн тышкы иштер министринин орун басары, элчи Седат Өнал менен Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Али Багери Кенинин жетекчилигинде борбор шаар Анкарада өткөрүлгөндүгүн билдирди.

Маалыматта булар белгиленди : «Сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу карым- катнаштарыбыз талкууланып, өзгөчө Сирия, Афганистан, Кавказия жана Йемен менен бирге аймактык, эл аралык абалдар тууралуу пикир алмашуулар болду».



Тектеш кабарлар