Түркия Афганистандагы кол салууну айыптады
Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта кол салууда көп сандаган адамдын каза болуп жана жаракат алгандыгы билдирилди.
1717100
Түркия Афганистандын Кундуз аймагындагы мечитке жасалган бомбалуу кол салууну айыптады.
Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Кундуздагы мечитте жума намазы учурунда болгон террордук бомбалуу кол салууда көп сандаган адамдын каза болуп жана жаракат алгандыгы билдирилди.
Маалыматта : «Бул террордук кол салууну айыптап, каза болгондор үчүн Аллахтын ырайымын, жаралуулардын бат айыгып кетишин каалайбыз. Дос жана боордош афган калкына көңүл айтабыз»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.