Мевлүт Чавушоглу АКШнын жаңылыш саясаттарынан баш тартышы керектигин айтты
Чавушоглу менен Венесуэланын тышкы иштер министри Феликс Пласенсия борбор шаар Анкарада өткөн эки тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен пресс - жыйын өткөрүштү.
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу АКШнын Түркияны айыптоонун ордуна өзүнүн жаңылыш саясаттарынан баш тартуусу керектигин айтты.
Чавушоглу менен Венесуэланын тышкы иштер министри Феликс Пласенсия борбор шаар Анкарада өткөн эки тараптуу жолугушуудан кийин биргелешкен пресс - жыйын өткөрүштү.
АКШнын Сирия жарлыгын узартуусуна жана Түркияга карата айткан сөздөрүнө токтолгон Чавушоглу : «Оболу бул кат көчүрмө кат болуптур.
Бул сүйлөмдөр менен абзацтарды Америка башкаруусу мындан мурда айтып келген. Негизинен Америка башкаруусу Конгресске кат жиберип же Америка калкына маалымат берип жатып туура нерсени айтпай жатат»,- деди. Мунун себеби катары АКШнын ПККны террордук уюм деп жарыялаганына карабастан ЙПГ менен кызматташуу түзгөндүгү экендигин айткан Чавушоглу АКШнын бул уюмга олуттуу жардам бергендигин баса белгиледи.
Чавушоглу АКШ мыйзамдары боюнча бул абалдын кылмыш экендигин айтты.
АКШнын бардык саясаттарынын плансыз экендигин, булардын Афганистан, Ирак жана Сирияга таасиринин тийгенин айткан Чавушоглу : «Сирияны бөлүп – жарууга аракет кылган бир уюмга Америка жардам берүүдө. АКШ Түркияны айыптоонун ордуна оболу өзүнүн жаңылыш саясаттарынан баш тартышы керек»,- деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.