Түркиядан Израилге айыптоо
Тышкы иштер министрлиги Израилде бир соттун чуулгандуу чечими тууралуу маалымат берди.
Түркия Израилде бир сот тарабынан еврейлердин Акса мечитинде «үнсүз» ибадат кылуу укугу бар деген чечимин катуу айыптады.
Тышкы иштер министрлиги Израилде бир соттун чуулгандуу чечими тууралуу маалымат берди.
Чечим айыпталган маалыматта буларга орун берилди : «Израилде бир сот тарабынан еврейлердин Акса мечитинде«үнсүз» ибадат кылуу укугу бар деген чечимин катуу айыптайбыз. Бул чечимдин Акса мечитинде статус-квону бузууга аракет кылган фанат чөйрөлөргө дагы да күч берип, жаңы чыр- чатактарга жол ачышы тынчсыздантуучу абал. Эл аралык коомду бул жаңылыш, мыйзамсыз жана коркунучтуу чечимге жана Акса мечитине карата бардык чагымчылдыктарга каршы чыгууга чакырабыз»,- деп билдирилди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.