Түркия Нигерге гуманитардык жардам жеткирди

Элчи Ары бул жердеги сөзүндө Түркиянын Нигер жана Диффа аймагынын достук жана боордош элине көрсөткөн жардамынын улана турганын айтты.

1713969
Түркия Нигерге гуманитардык жардам жеткирди

Түркия Нигердин Диффа аймагына гуманитардык жардам жеткирди.

Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Түрк Маариф фонду жана Түркия-Нигер Достук ооруканасынын салымдары менен 520 үй-бүлөнүн шашылыш муктаждыктарын канааттандыруу үчүн даярдалган гуманитардык жардам пакеттерин, Түркиянын Ниамейдеги элчиси Мустафа Түркер Ары тарабынан гуманитардык жардам жана табигый кырсыктар менен күрөшүү боюнча министри Лоуан Магаги Ниамейге өткөрүлгөн аземде тапшырылды.

Элчи Ары бул жердеги сөзүндө Түркиянын Нигер жана Диффа аймагынын достук жана боордош элине көрсөткөн жардамынын улана турганын айтты.

Министр Магаги ошондой эле Түркия менен түрк элинин кыйын учурда Нигерге дайыма жардам колун сунганын белгилеп, Түркиянын өткөн жылы болгон суу ташкынынан жапа чеккен үй -бүлөлөргө да колдоо көрсөткөнүн айтты.

Түркиянын коронавирустук эпидемия менен күрөшүүдө Нигерди жалгыз таштабаганын жана медициналык буюмдарды бергенин белгилеген Магаги, бул учурда президент Режеп Таййип Эрдоганга, түрк өкмөтүнө жана түрк элине ыраазычылык билдирүүнү каалагандарын айтты.

Нигерия менен Чад көлүнүн чек арасында жайгашкан Диффа аймагы 2015 -жылдан бери Боко Харам террордук уюмунун чабуулдарына дуушар болууда.

Нигер өкмөтү кол салуулардан улам үйлөрүн таштап кеткен аймактын элинин кайтып келиши үчүн чара көрдү.

Президент Мохамед Базум эл аралык коомчулукту бул процесске салым кошууга чакырды жана Түркия бул жардам сурамына оң жооп берди.



Тектеш кабарлар