Шентоп: «Биз Ооганстандагы чындыкты эске алуу менен саясатты иштеп чыгышыбыз керек»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Испаниядагы IE Business Schoolга караштуу Глобалдык Эл аралык мамилелер борборунда ар кандай аналитикалык борборлордун эксперттери жана академиктери менен жолугушту.

1708219
Шентоп: «Биз Ооганстандагы чындыкты эске алуу менен саясатты иштеп чыгышыбыз керек»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Испаниядагы IE Business Schoolга караштуу Глобалдык Эл аралык мамилелер борборунда ар кандай аналитикалык борборлордун эксперттери жана академиктери менен жолугушту.

Шентоп өз сөзүндө Түркиянын мыйзамсыз мигранттар жана качкындарга карата жүргүзгөн саясаты тууралуу айтты жана мындай деди: «Биз дүйнөдөгү эң бай мамлекет эмеспиз, бирок биз эң берешен өлкөбүз. Түркия эң көп качкындарды кабыл алган өлкө. 4 миллиондон ашуун катталган сириялык Түркияда жашашат жана алар акыркы убакта эмес, 10 жылдан бери Түркияда жашап жатышат.  Түркия өз жеринде жашай албаган бул адамдар үчүн өз жарандарына камсыздаган бардык мүмкүнчүлүктөрдү камсыздады. Билим берүү жана ден-соолук менен кошо. Бул качкындардын 70 пайыздан ашыгы аялдар менен балдар. Миграция жана башпаанек сурагандар бир гана Түркиянын эмес, бүткүл дүйнөнүн көйгөйү жана жоопкерчилиги. Буга алып келген ишти Түркия жасабайт. Ооганстанды, Сирияны же Иракты биз баш аламан кылган жокпуз. Алардын баш аламан болуусуна эч кандай таасирибиз жок. Бул жерде чыккан жоопкерчиликти Түркия көтөрүүдө».

Европанын ички саясатында тынчсызданууну жараткан Ооганстандан жаңы иммиграция толкунунун башталышы тууралуу суроолорго жооп берген Шентоп: «Талибан чек араларды, айрыкча аэропортторду чоң өлчөмдө жапты. Эгер алар ачылса, анда чоң миграция толкуну болот. Биз бул адамдарды Ооганстанда кармап турган шарттарды түзүшүбүз керек. Биз Ооганстандагы чындыкты эске алуу менен саясатты иштеп чыгышыбыз керек. Биз абдан маанилүү гуманитардык көйгөйгө туш болдук»,-деди.

Шентоп, Австриянын канцлери Себастьян Курцтун «Бардык качкындарды биз алып кетебизби, бир бөлүгүн Түркия албайбы?» деген билдирүүсү тууралуу суроого, «Бул ыкма реалдуулук менен эч байланышта эмес. Эгерде бул айтылышы керек болсо, биз айтмакпыз. Ал 100-200 иммигрантты кабыл алат. Бизде дагы 4 миллион иммигрант бар. Бул чындап эле чындык менен коошпогон билдирүү»,-деп жооп берди.



Тектеш кабарлар