Исмаил Чатаклы : "Чек араларыбызга келген мигранттар жок"
Чатаклы борбор шаар Анкарада «Ай сайын өткөрүлүүчү маалымат жыйынында» сөз сүйлөдү.
Ички иштер министринин орун басары жана министрликтин басма сөз катчысы Исмаил Чатаклы : «Өлкөбүздүн чек араларына чейин келген топ түрүндөгү жаңы миграция агымы азырынча жок»,- деди.
Чатаклы борбор шаар Анкарада «Ай сайын өткөрүлүүчү маалымат жыйынында» сөз сүйлөдү.
Исмаил Чатаклы : «2020 - жылы чек арадан киришине бөгөт коюлган чет элдик саны 505 375, бул жылы ушул кезге чейин 307 850 болду»,- деп билдирди.
Ички иштер министрлигинин катчысы Чатаклы 2020 - жылы 122 000 кишинин миңгарциясынын тоскоолдукка учуратылгандыгын, жылдын башынан бери да 94 915 мыйзамсыз мигранттын кармалгандыгын белгиледи.
Чатаклы өзгөчө август айындагы операцияларда террордон изделгендер тизмесиндеги 98 террористтин алардын ичинен 7 кишинин террордук уюмдун жооптууларынын жок кылынгандыгын жана 18 террордук кол салуунун жолу тосулгандыгын айтты.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.