Түркиянын террор менен күрөшүүсү боюнча маалымат берилди

Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана коомчулук менен байланыш боюнча консультациялык анализ жана баалоо боюнча кызматкери майор Пынар Кара министрликте маалымат жыйын өткөрдү.

1702792
Түркиянын террор менен күрөшүүсү боюнча маалымат берилди

Улуттук rоргоо министрлиги (УКМ), бир айда өлкө ичинде жана чек аранын тышында 22 операция жүргүзүлгөнүн, 2015-жылдын 24-июлунан бери 18 миң 455 террористтин, ушул жылдын башынан бери 1865 террористтин зыянсыздандырылганын билдирди.

Улуттук коргоо министрлигинин басма сөз жана коомчулук менен байланыш боюнча консультациялык анализ жана баалоо боюнча кызматкери майор Пынар Кара министрликте маалымат жыйын өткөрдү.

Жыйналышта сөз сүйлөгөн Кара өзгөчө ФЕТӨ, ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ, ДЕАШ менен болгон терроризмге каршы күрөштүн улам күчөтүлгөн темп менен уланып жатканын айтты.

«Акыркы айда өлкөдө жана чек аранын тышында 6сы чоң, 16сы орто болгон 22 операция жүргүзүлдү. 2015-жылдын 24-июлунан бери жалпысынан 18455 террорист жок кылынды. Ушул жылдын башынан бери 1865 террорист таасирсиз кылынды»,-деди.

Кара, 23-апрелде башталган жана Ирактын түндүгүндөгү Метина жана Авашин-Басян аймактарында бир убакта жүргүзүлгөн Чеңгел-Шимшек жана Чеңгел-Чагылган операцияларында ушул убакка чейин 244 террористтин зыянсыздандырылганын айтты.

Пынар Кара, акыркы айда Сирия операциялык аймактарында түрк десанттары тарабынан ДЕАШ террордук уюмунун мүчөлөрү менен кошо 105 террористтин зыянсыздандырылганын билдирди.



Тектеш кабарлар