Октай-Татар жолугушуусу

Фуат Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (КТРК) президенти Эрсин Татар менен жолугушту.

1702252
Октай-Татар жолугушуусу

Вице-президент Фуат Октай: «Эгерде румдар бургулоону баштаса жооп катары биз дагы баштайбыз»,-деди.

Фуат Октай Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (КТРК) президенти Эрсин Татар менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Октай менен Татар биргелешкен маалымат жыйын өткөрүштү.

Аймактык маселелер боюнча маалымат берген Октай: «Түркия катары биз акыркы эки айда апаат мезгилин баштан кечирдик, бирок алардын баарын жеңе алдык»,-деди.

Октай Жер Ортолук деңизине төгүлгөн мунайдын учурда коркунуч жаратпаганын, керектүү чаралардын көрүлгөнүн айтты.

Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги кырдаалга да баа берген Октай: «Эгерде румдар бургулоону баштаса жооп катары биз дагы баштайбыз»,-деди.



Тектеш кабарлар