Эрдоган Ризедеги "Саларха" туннелинин ачылыш аземине катышты

Эрдоган: «Биз канчалык жалпылоого аракет кылбайлы, акыркы 19 жылдын ичинде өлкөбүзгө айтып бүткүс эмгектерди жана кызматтарды алып келдик»

1702470
Эрдоган Ризедеги "Саларха" туннелинин ачылыш аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияга тынымсыз кызмат кылгандарын айтып: «Биз канчалык жалпылоого аракет кылбайлы, акыркы 19 жылдын ичинде өлкөбүзгө айтып бүткүс эмгектерди жана кызматтарды алып келдик»,-деди.

Эрдоган Ризедеги "Саларха туннелинин ачылыш аземинде" сүйлөгөн сөзүндө террор менен күрөшүүгө токтолуп: «Чек ара коопсуздугубузду чыңдоо менен түштүгүбүздү курчоого багытталган террор коридорун талкалап, жок кылдык»,- деди.

Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын удаама-удаа башынан өткөргөн саясий, социалдык жана экономикалык чабуулдардын толкунунан кийин коронавирус (Ковид-19) пандемиясы жана табигый кырсыктар менен чоң сыноолорду бергенин жана алардын баарын жеңгенин айтты. 



Тектеш кабарлар