Шентоп Украинаны куттуктады
Мустафа Шентоп, Украинанын улуттук күнүнө байланыштуу Украина парламентинин төрагасы Дмитро Разумковго куттуктоо жолдоду.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) төрагасы Мустафа Шентоп Украинаны улуттук күнү менен куттуктады.
Мустафа Шентоп, Украинанын улуттук күнүнө байланыштуу Украина парламентинин төрагасы Дмитро Разумковго куттуктоо жолдоду.
Шентоп өз билдирүүсүндө дос украин элин жана Разумковду куттуктады.
Шентоп: «Мен Украина менен учурдагы эки тараптуу мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды ар тараптан өнүктүрүү үчүн күч-аракет жумшоого даяр экенибизди, ушул алкакта парламенттерибиздин ортосундагы байланыштарды жана сапарларды да көбөйтүүнү максат кылып жатканыбызды билдиргим келет. Жакында жолугууга үмүттөнүп, сизге жана Украин парламентинин урматтуу мүчөлөрүнө чың ден соолук жана ийгиликтерди каалайм»,-деди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.