Р. Т. Эрдоган Министрлер кеңешинен кийин маалымат берди
Президент Р. Т. Эрдоган : «Түркиянын Европанын качкындар кампасы болуу сыяктуу милдети, жоопкерчилиги же мажбурдуулугу жок».
Президент Р. Т. Эрдоган : «Түркиянын Европанын качкындар кампасы болуу сыяктуу милдети, жоопкерчилиги же мажбурдуулугу жок»,- деди.
Президент Эрдоган Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин маалымат берди.
Жекшемби күнү борбор шаары Талибандын колуна өткөн Афганистандагы абалдар тууралуу билдирген Эрдоган : «Керек босо Талибан кура турган өкмөт менен да сүйлөшүп, биргелешкен күн тартибибизди сүйлөшөбүз»,- деди.
Талибандан качып башка өлкөлөргө баш калоого аракет кылган афгандар үчүн : «Түркиянын Европанын качкындар кампасы болуу сыяктуу бир милдети, жоопкерчилиги, мажбурдуулу жок»,- деген Эрдоган : «Түркия албетте каалаган адам каалаган учурда кирип -чыгып, каалаганындай кыймыл кыла ала турган ээсиз бир өлкө эмес»,- деп эскертти.
Эрдоган Түркиянын мыйзамдарына, эрежелерине, тартибине баш ийбегендердин хаос жаратуусуна уруксат бербей тургандарын да билдирди.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.