Эрдоган: «Максатыбыз 6 жыл ичинде «Канал Стамбул» долбоорун бүтүрүп, ишке киргизүү»

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

1667504
Эрдоган: «Максатыбыз 6 жыл ичинде «Канал Стамбул» долбоорун бүтүрүп, ишке киргизүү»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, максаттарынын 6 жыл ичинде «Канал Стамбул» долбоорун бүтүрүп, ишке киргизүү экендигин айтты.

Президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасы Эрдоган, партиясынын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TУУЖ) фракциялык жыйынында сөз сүйлөдү.

19 жыл бою эмгек жана кызмат көрсөтүү саясаты менен өлкөнү башкарып келе жатышкандыгын баса белгилеген Эрдоган, Стамбулга алып келген үчүнчү аэропортту, өлкө аймагында курган трассаларды, көпүрөлөрдү жана шаардык ооруканаларды мисал келтирди.

Экспортту ай сайын жаңы рекорддор менен алдыга жылдырып, өндүрүштү көбөйтүп, өнөр жайын өнүктүрүп, өлкөнү коргонуу өнөр жайында бренд кылгандыктарын билдирген Эрдоган, Түркиянын «Канал Стамбул» долбооруна дагы ушундай жол менен жетише тургандыгын айтты.

Эрдоган:«Босфор трафиги жана дүйнөнүн эң ири шаарларынын бири Стамбулдун жер титирөөгө даярдыгы сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө олуттуу салым кошо турган бул долбоорду шаардын келечегин сактап кала турган иш катары көрөбүз. Биз бул жерге канал куруп гана тим болбостон, портубуз, экспортубуз жана жашообузду жеңилдеткен жашоо мейкиндиктери менен өлкөбүз Стамбулга жаңы дем алуу түтүгүн ачып жатабыз»,-деди.

«Биздин максат бул долбоорду 6 жылдын ичинде бүтүрүп, пайдаланууга берүү»,-деп айткан Эрдоган мындай деди:

«19 жылдан бери Түркияга кылган эмгектерибиз жана кызматтарыбызга ушул дүйнөлүк деңгээлдеги долбоор менен таажы койобуз деп ишенебиз».



Тектеш кабарлар