Алтун: «Кабарчылыктын бирден-бир максаты чындык болушу керек»

Коммуникация башкармалыгы тарабынан онлайн режиминде "Интернет медиасы жана кабарчылык семинары" уюштурулду.

1666780
Алтун: «Кабарчылыктын бирден-бир максаты чындык болушу керек»

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун, жалган маалыматтарга негизделген бурмаланган кабарчылыктын демократияга чоң зыян келтиргенин айтты.

Коммуникация башкармалыгы тарабынан онлайн режиминде уюштурулган "Интернет медиасы жана кабарчылык семинары" интернет медианын мүчөлөрү, сектор жетекчилери, мамлекеттик мекемелер жана ЖОЖдордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Семинардын ачылыш сөзүндө Фахреттин Алтун коомдун өлкөдөгү жана дүйнөдөгү болуп жаткан окуялар жөнүндө чыныгы, так жана ишенимдүү жаңылыктарга ээ болушу таза демократия үчүн ажырагыс нерсе экендигин баса белгиледи.

Алтун: «Чындыкка негизделген кабарчылык демократияны бекемдесе, бурмалоого жана жалган маалыматтарга негизделген кабарчылык демократияга чоң зыян келтирет»,-деди.

Түркияга каршы улуттук жана эл аралык масштабдагы дезинформациялык аракеттер менен күрөшүүдө массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн да маанилүү милдеттери бар экендигин белгилеген Алтун: «Тилекке каршы биз кээ бир эл аралык медиа платформаларынын жана алардын ичкеридеги уландыларынын өлкөбүзгө каршы кара пропаганда аракеттерине күбө болуп жатабыз. Бул кырдаал демократиябыз, ошондой эле элдердин түшүнүгү жана кесиптик мүнөзү үчүн маанилүү көйгөйдү билдирет», деп айтты.

Кабарчылыктын бирден-бир максаты чындык болушу керектигин баса белгилеген Алтун мындай деди: «Журналисттер өз кесибин ар бир чөйрөдө “чындыктын” өкүлү экендигин билүү жана сезимталдуулук менен аткарышы керек».



Тектеш кабарлар