"Gökbey" тик учагынын 3-прототиби биринчи учуусун аткарды
Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир, өзүнүн Твиттердеги баракчасынан маалымат бөлүштү.
1666196
Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Исмаил Демир, сертификат сыноо иштери жүрүп жаткан «Gökbey» тик учагынын 3-прототипинин биринчи учуусу ийгиликтүү болгонун билдирди.
Демир өзүнүн Твиттердеги баракчасынан, «Болжол менен 40 мүнөткө созулган бул учуу менен биз учуу сыноо иш-аракеттерине жаңы прототиби киргизген болдук»,деген сөз айкашын колдонгон.
Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын төрагасы Демир өз постуна тик учактын учуп-конуу учурундагы видеотасманы да кошту.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.