Канал Стамбул долбоорунун биринчи көпүрөсүнүн пайдубалы түптөлдү

Эрдоган Канал Стамбул Сазлыдере көпүрөсүнүн пайдубалын түптөө аземинде сөз сүйлөдү.

1665247
Канал Стамбул долбоорунун биринчи көпүрөсүнүн пайдубалы түптөлдү
kanal istanbul sazlidere koprusu.jpg
erdogan kanal istanbul.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын өнүгүү тарыхында бүгүн жаңы баракты ачышкандарын айтты.

Эрдоган Канал Стамбул Сазлыдере көпүрөсүнүн пайдубалын түптөө аземинде сүйлөгөн сөзүндө, бүгүн Түркиянын өнүгүүсү, улуттун күчтөнүшүнө карата ташталган кадамдамдарга жаңысын кошкондорун, Канал Стамбул долбоорунун биринчи көпүрөсүнүн пайдубалын түптөгөндөрүн билдирди.

Босфордун дүйнөдөгү эң көп каттаган кеме кыймылына ээ экендигин айткан Эрдоган, 1930-жылдары жылына орто эсеп менен 3 миң кеме өткөнүн, бүгүнкү күндө бул сан 45 миңге жеткенин айтты.

«Мунай заттан баштап органикалык продукцияга чейинки ар кандай жүктөрдү ташыган кемелер кырсыкка учураса, деңиздерибиздеги табигый жаратылыш да чоң коркунучта дуушар болууда» деген президент: «Канал Стамбул долбоорунун негизинде Босфор жана анын айланасындагы жарандардын өмүрүнүн жана мүлкүнүн коопсуздугун камсыз кылууну максат кылышканын айтты.

Канал Стамбулга Стамбулдун келечегин сактап калуу долбоору катары карашкандыктарын билдирген Эрдоган, жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасында Канал Стамбулдагы кеме кыймылынын Босфорго караганда 13 эсе коопсуз болоорун айтты.

Эрдоган, узундугу 45 чакырымды түзгөн каналдан 275 метрге чейин май ташыган цистерналар жана 351 метрге чейин контейнер кемелери өтө алаарын айтты.

Үстүнө 6 көпүрө курула турган Канал Стамбулдун дүйнөдөгү экологиялык жактан эң таза долбоор катары ишке ашырыларын баса белгилеген Эрдоган, Канал Стамбулду 6 жылда болжол менен 15 миллиард доллар сарптап бүтүрүүнү көздөп жатышкандарын билдирди.



Тектеш кабарлар