Түркия Берлин конференциясындагы мамилеге карышылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчы Танжу Билгич билдирүү жасады.

1664939
Түркия Берлин конференциясындагы мамилеге карышылык көрсөттү

Түркия Берлин конференциясында Ливиядагы түрк машыктыруучуларына жана кеңешчилерине карата мамилеге карышылык көрсөттү.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчы Танжу Билгич: «Биз Ливиядагы машыктыруучуларыбыз менен кеңешчилерибиздин легитимсиз жалданма аскерлер менен бирдей каралышына жол бербей тургандыгыбызды баса белгиледик», деди.

Билгич, министрликтеги маалымат жыйынында, 23-июнда Германиянын борбор шаары Берлинде өткөн Ливия конференциясына байланыштуу: «Ливиядагы машыктыруучуларыбыз менен кеңешчилерибизди легитимсиз жалданма аскерлер менен бирдей каралышына жол бербей тургандыгыбызды баса белгиледик», деп айтты.

Катчы Билгич ошондой эле Кабул эл аралык аэропортун коргоо үчүн Түркиянын алган жоопкерчилигине да көңүл буруп: «НАТОнун Кабулдагы өкүлчүлүгүн бекемдөө жана колдоо боюнча мамиле бар. Аэропорттун коопсуздугу абдан маанилүү. Айрым элчиликтер жабылып жатат деген маалымат келип түшүүдө. Биз бул жоопкерчиликти уланткыбыз келет. Бирок биз жүктүн адилеттүү үлүшүн каалайбыз. АКШдан келген делегация Улуттук Коргоо министрлиги менен байланышта. Ооган эли менен дагы маселени талкуулап жатабыз», деп билдирди.



Тектеш кабарлар