Акар: «АКШдан техникалык делегация келди»

Улуттук коргоо министри Акар борбор шаар Анкарада «Precision Guid Kit-82» тапшыруу аземинде сүйлөп жатып, Ооганстандагы окуяларга токтолду.

1663961
Акар: «АКШдан техникалык делегация келди»

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Ооганстандагы «Хамид Карзай» эл аралык аэропортунун иштетилиши үчүн жоопкерчиликти улантуу үчүн, «Бүгүн биздин министрликке Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) техникалык делегациясы келди. Биздин сүйлөшүүлөр башталды жана уланууда»,-деди.

Улуттук коргоо министри Акар борбор шаар Анкарада «Precision Guid Kit-82» тапшыруу аземинде сүйлөп жатып, Ооганстандагы окуяларга токтолду.

Ооганстанды «Азиянын жүрөгү» жана өтө маанилүү өлкө деп сыпаттаган Акар, Түркия менен Ооганстандын ортосунда терең тамырлашкан тарыхый жана маданий байланыштар бар экендигин айтты.

Түрк-Ооган дипломатиялык мамилелеринин 100 жылдыгы экендигин эске салган Акар: «1921-жылдагы түрк-ооган союздаштыгы келишиминде айтылгандай «эки өлкөнүн тагдыры жана бактысы бири-бирине таандык». Ошондуктан Түркия ар дайым кайгы-капасын жана кубанычын тең бөлүшкөн ооган боордошторубуздун  тынчтык, коопсуздук жана туруктуулукта жашашын  камсыз кылуу үчүн көп күч-аракет жумшады жана муну улантабыз»,-деп айтты.

Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун чечимдеринин алкагында 2002-жылы биринчи дайындалгандан бери Эл аралык Коопсуздукка жардам күчтөрүнө жана НАТОнун 2015-жылдан бери чечкиндүү колдоо миссиясына салымын кошконун белгилеген Акар, Түркиянын бул тармактардагы жетишкендиктери бардыгы тарабынан жогору баалангандыгын айтты.

Акар Түрк куралдуу күчтөрүнүн учурда Кабулдагы билим берүү жардам консультациялык командирлигинин милдетин да аткарып жаткандыгын айтып, «Буга чейин жетишилген жетишкендиктерди коргоо жана 6 жылдан бери жүргүзүп келе жаткан «Хамид Карзай» эл аралык аэропортун иштетүү милдети, эгерде зарыл шарттар аткарылса, биз тараптан улантылат. Бул боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат. Бул маселени башка өлкөлөр менен биргеликте кандайча жасай аларыбыздын үстүнөн иштеп жатабыз. Ушул контекстте АКШнын техникалык делегациясы бүгүн биздин министрликке келди, биздин жолугушуулар башталды жана уланууда. Учурда эч кандай чечим кабыл алынган жок. Азыркы кадрлардан тышкары, бизде аймакка бара турган бир дагы кызматкер жок. Биз өлкөбүздүн жана Ооганстандын кызыкчылыктары үчүн тийиштүү натыйжаларга жетүүнү каалайбыз. Биздин максатыбыз ооган боордошторубуздун коопсуздугун, тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн салымыдарыбызды улантуу»,-деди.



Тектеш кабарлар