Эрдоган Ляйен менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1662319
Эрдоган Ляйен менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Режеп Таййип Эрдоган Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Анда Эрдоган, Түркиянын жетишээрлик көп иш жасагандыгын (Европа Биримдигине мүчөлүк үчүн) жана конкреттүү кадамдарды жасоо кезеги Европа Биримдигинде экендигин белгилеп, Түркия менен позитивдүү күн тартибинин иш жүзүнө ашышына убакыт эбак келгендигин айтты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Эрдоган Бажы биримдигин жаңыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча эртерээк жана алдын-ала шарттарсыз баштоо керектигин баса белгиледи.

Эрдоган түрк элдери көптөн бери виза режимин либералдаштырууну (ЕБ өлкөлөрүнө кирүүдө) күтүп жатышкандыгын жана 18-март (Качкындарды кайра кабыл алуу) келишими бардык элементтери менен бекемделип, жүзөгө ашырылышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар