Эрдоган: «Быйыл 200 миллиард доллардык экспортко жетип, жаңы рекорд орнотууну күтүп жатабыз»

«Катар Экономикалык Форуму» иш-чарасына видео кайрылуу менен кайрылган Эрдоган, Түркиянын үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегиндеги 7% өсүү көрсөткүчү жылдын калган мезгилине карата күтүүлөрдү жогорулатканын айтты.

1662840
Эрдоган: «Быйыл 200 миллиард доллардык экспортко жетип, жаңы рекорд орнотууну күтүп жатабыз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, быйыл 200 миллиард доллардык экспортко жетип, жаңы рекорд орнотууну күтүп жатышкандарын айтты.

«Катар Экономикалык Форуму» иш-чарасына видео кайрылуу менен кайрылган Эрдоган, Түркиянын үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегиндеги 7% өсүү көрсөткүчү жылдын калган мезгилине карата күтүүлөрдү жогорулатканын айтты.

Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюмунун (OECD) отчетторунда Түркиянын экономикасы 2021-жылы 5,7 пайызга, 2022-жылы 3,4 пайызга өсүшү күтүлүп жаткандыгын эске салган Эрдоган: «Бул OECD мүчөлөрүнүн арасында алдын-ала айтылган эң күчтүү кайтарымдардын бири. Быйылкы жылы экспорттун жалпы көлөмүн 200 миллиард долларга жеткирип, жаңы рекорд орнотобуз деп күтүп жатабыз»,-деди.

Жаңы типтеги коронавирус эпидемиясына байланыштуу глобалдык экономика акыркы 1,5 жылда оор мезгилди баштан кечирип жаткандыгын түшүндүргөн Эрдоган, айрыкча өнүкпөгөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн эпидемиянын алдында дээрлик тагдырларына калтырылгандыгын айтты.

Эпидемияга каршы эң маанилүү курал болгон вакцина маселесинде дагы ушундай кайдыгерликтин орун алганына көңүл бурган Эрдоган: «Дүйнөнүн 100гө жакын өлкөсү эмдөөнүн биринчи дозасын деле ала албай жаткан оор кырдаалга туш болдук. /.../ Вакциналар жана дары-дармектер бардык өлкөлөргө адилеттүү түрдө жеткиликтүү болмоюнча, дүйнөлүк экономиканын калыбына келиши мүмкүн эместигин билебиз»,-деп айтты.

Түркия катары бул сезимтал мезгилде жоопкерчиликти алуудан тартынбагандарын,158 өлкө жана 12 эл аралык уюмду медициналык жабдыктар менен камсыз кылгандарын баса белгилеген Эрдоган, жылдын акырына чейин колдонууга даярдоону пландаштырган улуттук Ковид-19 вакцинасынын бүткүл адамзаттын вакцинасы болоорун билдирди.

Эпидемиянын экономикалык адилетсиздикти тереңдетип гана тим болбостон, исламофобияны жана антииммиграцияны күчөткөндүгүн белгилеген Эрдоган, Батышта акыркы 5 жылда расисттик жана антиисламдык кол салуулар 250 пайызга өскөнүн, ал эми бул кол салууларда курман болгондордун көрсөткүчү 700 пайызга жогорулагандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган, Катарга карата адилетсиз блокада жана санкциялардын алынып салынышына жана Перс булуңундагы боордош элдердин дагы бир жолу кучак жайышына жол берген Перс булуңундагы Кызматташтык Кеңешинин чечимдерине ыраазы экендигин кайталады.



Тектеш кабарлар