АКШ делегациясы Түркияга келет

Түркия НАТОнун чечкиндүү колдоо миссиясынын негизинде  Афганистандагы Кабул Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортту 6 жылдан бери иштетүүдө.

1662677
АКШ делегациясы Түркияга келет

АКШнын коргоо министрлигинен техникалык делегация бейшемби күнү Афганистандагы Кабул Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортту иштетүү боюнча темаларды талкуулоо үчүн Түркияга келет.

Улуттук коргоо министрлигинин маалыматтарына караганда, АКШнын коргоо министрлигинин техникалык делегациясынын бейшемби күнү Түркияга келип, Афганистандагы Кабул Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортту иштетүү боюнча  темаларды талкуулашары ктүлүүдө.

Улуттук коргоо министрлигинин жооптуу кызматкерлери менен жолугуша турган делегациянын маселени ар тараптуу талкуулай тургандыгы билдирилди.

Түркия НАТОнун чечкиндүү колдоо миссиясынын негизинде  Афганистандагы Кабул Хамид Карзай атындагы эл аралык аэропортту 6 жылдан бери иштетүүдө.



Тектеш кабарлар