Сандар менен Анталья Дипломатиялык Форуму

Президент Эрдоган менен тышкы иштер министри Чавушоглу жалпы 2000 киши катышкан форумда  өткөргөн эки тараптуу жолугушуулардын саны 50 болду.

1661211
Сандар менен Анталья Дипломатиялык Форуму

Анталия Дипломатиялык Форуму АДФнын алкагында президент Режеп Таййип Эрдоган жана тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу көптөгөн эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү.

АДФ Ковид-19 процессинде өткөрүлгөн биринчи эл аралык форум болду.

Президент Эрдоган менен тышкы иштер министри Чавушоглу жалпы 2000 киши катышкан форумда  өткөргөн эки тараптуу жолугушуулардын саны 50 болду.

Форумга катышуучулар,  коргоочулар жана форумда кызмат кылгандарга күнүмдүк жалпы жасалган Ковид  - 19 тести 8000ге жетти.

Форумда дипломатия тарыхына тамгасын баскан окуялардын фотографияларынын санариптик чөйрөдө чагылдырылган «Дипломатия туннели» түзүлдү. Туннелдин акырында археолог Осман Хамди мырзанын чыгармалары чагылдырылган бир аянтча менен арткы бөлүмдө чебер фотограф Ара Гүлердин фотографияларына орун берилди.

Жалпы 85 аталышта 6 минутага созулган Дипломатия туннелиндеги көрсөтүү тарыхта алгачкы жазылуу келишим деп билинген Кадеш келишими менен башталып, министр Чавушоглу акыркы жолу катышкан Женевадагы жолугушуулары менен аяктады. Тышкы иштер министрлигинин 500 жылдыгына карата документ жана фотографияларга да орун берилди.

Санариптик көргөзмө бөлүгүндө эпидемияга, Жакынкы Чыгышка, Балкандарга, миграцияга, Чыгыш Жер Ортолук деңизине, Кавказияга жана Азияга байланыштуу 1500 сүрөт орун алды. Бул  көргөзмөнү толугу менен көрүү үчүн 30 мүнөт кетет.



Тектеш кабарлар