Ирина Влах : "Түркиянын жардамы аймактын өнүгүшүнө салым кошууда"

Молдованын түштүгүндөгү Гагауз  автономиялуу аймагынын башчысы  Ирина Влах : «Түркиянын колдоосу, жумуш жана өнүгүү тармагында аткаргандары, Гагауз автономиялуу аймагына чоң жардам берүүдө»,- деди.

1661159

Влах Анталья дипломатиялык форумуна катышуу үчүн барган Антальянын Белек туризм борборунда Гагауз автономиялуу аймагынын  автонмиялуулукту алган күндөн тарта Түркияга берген жардамдарынан улам ыраазычылык билдирип : «Түркия ар дайым биздин жаныбызда болду. Бизге көп жардам берди. Гагауз автономиялуу аймагында жана Молдовада бир нече долбоорду аткарышты. Бул долбоорлордон билим берүү тармагында жана саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлор алдыда баратат. Гагауз автономиялуу аймагында бала бакчаларды, кары  - картаңдар үйүн ачтыңыздар. Гагауздар үчүн эң мыктысын жасоону ойлодуңуздар»,- деди.

Влах Түркиянын аймактагы суу, канализация жана башка инфраструктуралык долбоорлоруна байланыштуу : "Элдерибиз абдан жакын.  Бир тилде сүйлөйбүз, бири-бирибизди түшүнөбүз. Түркиянын колдоосу жана  бизнес,  өнүгүү жаатында жасаган иштери Гагауз автономиялуу районуна чоң жардам берүүдө", - деп билдирди.

Влах Түркия менен Гагауз автономиялуу аймагынын келечекте дагы көптөгөн долбоорлор  менен иштей тургандыгын сөздөрүнө кошту.

Тектеш кабарлар