Эрдоган Кемердеги мейманкананын ачылышына катышты

Эрдоган өз сөзүндө, пандемия учурунда туризмди сактап калуу үчүн көп күч-аракет жумшашканын айтты.

1661188
Эрдоган Кемердеги мейманкананын ачылышына катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияда эс алган туристтердин бул жерден баш тарта албагандарын айтты.

Анталья Кемердеги мейманкананын ачылышына катышкан Эрдоган өз сөзүндө, пандемия учурунда туризмди сактап калуу үчүн көп күч-аракет жумшашканын айтты.

Түркиянын саламаттык сактоо кызматтары жагынан абдан жакшы абалда экендигин жана бул жаатта да дүйнөдө мен мыктымын деген өлкөлөр жасабаган иштерди жасагандарын белгилеген Эрдоган, эмдөөнүн акыркы жетишкендигинде жаңы мезгил башталганын айтты.

Эрдоган: «Өлкөбүз акырындык менен саякаттоо чектөөлөрүнө байланыштуу тизмеден чыга баштады. Франциядан кийин Россиянын да бул багытта кабыл алган чечимин кубаттайбыз», деди.

Өткөн жылы 16 миллион туристтин конок болгонун белгилеген Эрдоган: «Быйыл дагы көп болот деп ишенем. Түркияда эс алган туристтер биздин өлкөдөн оңой менен баш тарта алышпайт», деп айтты.

Президент медицина, коргонуу өнөр жайы жана текстиль сыяктуу туризм да дүйнөлүк брендге айланмайынча алар токтобой тургандыгын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар