Эрдоган НАТОнун саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө

Түркия убактысы боюнча саат 18.00дө Эрдогандын АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуусу болот.

1657514
Эрдоган НАТОнун саммитинин алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бельгиянын борбор шаары Брюсселде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жолугушту.

Эки лидердин НАТОнун саммитинин алкагындагы жолугушуусу жабык эшик артында өтүүдө.

Эрдоган андан кийин Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Грециянын премьер-министри Кирякос Мицотакис менен да өз-өзүнчө жолугушат.

Түркия убактысы боюнча саат 18.00дө Эрдогандын АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуусу болот. Эрдоган ушул жолугушуудан кийин пресс-конференция өткөрөт.

Эрдоган кечээ Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Литванын президенти Гитанас Науседа жана Латвиянын президенти Эгилс Левитс менен да өз-өзүнчө жолугушкан болчу.



Тектеш кабарлар