Эрдоган "А" улуттук кыздар командасына ийгилик каалады

Түрк командасы бүгүн кечинде FIVB Улуттар лигасынын 12-оюнунда Америка Кошмо Штаттары менен беттешет.

1657488
Эрдоган "А" улуттук кыздар командасына ийгилик каалады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Эл аралык волейбол федерациясынын (FIVB) Улуттар лигасында мелдешип жаткан Түркиянын "А" улуттук кыздар командасына ийгилик каалады.

Президент Эрдоган Твиттерден жарыялаган билдирүүсүндө: «Италияда уюштурулган FIVB Улуттар Лигасында бекем кадам таштап жаткан А Улуттук кыздар командабызга алдыда боло турган беттештерде ийгилик каалайм. Болейболчу кыздарыбызды чын жүрөктөн колдойбуз», деди.

Түрк командасы бүгүн кечинде FIVB Улуттар лигасынын 12-оюнунда Америка Кошмо Штаттары менен беттешет.

Беттеш Түркия убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.



Тектеш кабарлар