Софи Нуреттин операциясы АКШнын аймактагы оюнун бузду
Терроризм жана коопсуздук боюнча адис Абдулла Агар Түркиянын бул кадамы Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) аймактагы оюнун кантип кыйратканын түшүндүрдү.
Жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы корбашчысы Софи Нуреттиндин таасирсиз кылынышы акыркы жылдардагы эң орчундуу операциялардын бири катары бааланууда.
Терроризм жана коопсуздук боюнча адис Абдулла Агар Түркиянын бул кадамы Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) аймактагы оюнун кантип кыйратканын түшүндүрдү.
«Софи Нуреттин АКШнын «террордук уюм эмес» деп айткан ПЙД-ЙПГнын (PYD-YPG) Сирия боюнча жооптуусу болгон»,-деп айткан Агар: «Бирок Түркия бул операцияны Иракта жасады. Башкача айтканда, ПКК толугу менен үстөмдүк кылган аймакта. Чындыгында, операция учурунда террорчу Софи Нуреттин ПККнын аймактагы эң маанилүү позициясында болгон. Гара жана анын айланасындагы бардык аймактар ага таандык болчу»,-деп айтты.
Агар: «Биз АКШнын ПККдан айырмалап караган структурасынын 1 номерлүү кишисин, ПККнын кадрларын жетектеп турганда, ПКК аймагында (Түндүк Иракта) зыянсыздандырдык. Бул абдан маанилүү кадам. Аймактагы АКШ театрынын абалын түшүрө турган кадам»,-деп баасын берди.
Агар, сөз болуп жаткан операция ПККга гана эмес, АКШ баш болгон аймактагы башка бардык актерлорго жана бул аянттагы ар кандай террордук уюмдарга ачык-айкын билдирүүлөрдү камтыгандыгын кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.