Президент Эрдоган ПККнын Сирия боюнча жооптуусу таасирсиз кылынганын айтты

Эрдоган Министрлер кабинетинин отурумунан кийин билдирүү жасады.

1641000
Президент Эрдоган ПККнын Сирия боюнча жооптуусу таасирсиз кылынганын айтты

Президент Режеп Таййип Эрдоган Ирактын түндүгүндө Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) операциясы менен жикчил террордук уюм ПККнын Сирия боюнча жалпы жооптуусу Софи Нуреттин каймана аттуу террористтин таасирсиз кылынганын жарыялады.

Эрдоган Министрлер кабинетинин отурумунан кийин билдирүү жасап, «Көптөгөн кандуу кыймылдарды жасаган бул террорист, ошондой эле (Түрк куралдуу күчтөрү Сирияда жүргүзгөн) «Евфрат калканы» жана «Зайтун бутагы» операцияларында биздин аскерлерге каршы жасалган көптөгөн кол салуулар үчүн жооптуу»,-деп айтты.

Президент Эрдоган: «Гара операциясы учурунда 13 бейкүнөө адамдын шейит болушуна буйрук бергендердин бири дагы ушул террорист»,-деди.

Эрдоган, таасирсиз кылынган Софи Нуреттиндин абалы ПКК / KЖK менен ПЙД / ЙПГнын бир уюм экендигин четке кагылгыс түрдө ачыкка чыгарганын айтты.



Тектеш кабарлар