Шентоп: «Израилге «токто» деп айтууга убакыт келди»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Шентоп Алжирдин Улуттук Кеңешинин (Сенаттын) төрагасы Салах Гуджил менен телефон аркылуу сүйлөштү.

1640313
Шентоп: «Израилге «токто» деп айтууга убакыт келди»

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) Төрагасы Мустафа Шентоп Израилдин мамлекеттик терроризмди колдонуп, адамзатка каршы кылмыштарды жасап жаткандыгын жана дүйнөнүн унчукпай тургандыгын капа болуп байкагандарын айтып: «Израилге «токто» деп айтууга жана Палестинаны адилеттүү жолунда күчтүү түрдө колдоого убакыт келди» -деди.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагалыгынын билдирүүсүнө ылайык, Шентоп Алжирдин Улуттук Кеңешинин (Сенаттын) Төрагасы Салах Гуджил менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Парламент төрагасы Шентоп сүйлөшүүдө Палестина маселесине токтолуп, «Биз Израилдин мамлекеттик терроризм менен алектенип, адамзатка каршы кылмыштарды жасап, бейкүнөө мусулмандардын канын төгүп, дүйнө жүзүн унчукпай жатканына капа болуп жатабыз. Израилге «токто» деп айтуунун, Палестинаны анын адилеттүү ишинде колдой турган кез келди, ал эмес өтүп баратат. Түркия катары, биз палестиналык туугандарыбыздын эркиндик жана адилеттик үчүн күрөштө ушул убакка чейин жасап келгендей мындан кийин дагы чечкиндүүлүк менен жанында турабыз»,-деди.

Гуджил болсо, «Палестина маселеси бир гана Ислам дүйнөсү эмес, бүткүл дүйнө жүзү үчүн өтө чоң көйгөй болуп саналат жана биздин алдыбызда турат. Учурда аймакта сионизм жигердүү. Ага каршы эмне кылсак болот, аны кантип токтото алабыз, биз толугу менен чечүү үчүн сөзсүз сүйлөшүүбүз керек»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар