Калын: «ПЙД жана ФЕТӨ боюнча АКШдан күтүүлөрүбүз бар»

Ибрахим Калын бир гезитке маек куруп берди.

1638297
Калын: «ПЙД жана ФЕТӨ боюнча АКШдан күтүүлөрүбүз бар»

Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын, Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен чыңалууну жараткан Орусиядан сатылып алынган С-400 маселесинин сүйлөшүүлөр жолу менен чечиле аларын айтты.

Ибрахим Калын бир гезитке берген маегинде, президент Режеп Таййип Эрдогандын Бельгиянын борбор шаары Брюсселде боло турган НАТОнун саммитинде АКШ президенти Жо Байден менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн эске салды.

Калын, өзгөчө жикчил террордук уюм ПКК/ПЙД жана Фетуллахчы террордук уюм (ФЕТӨ) боюнча АКШдан күтүүлөрү бар экенин белгилеп, бул темаларда Байден жетекчилигинин конкреттүү кадамдарды жасашын каалагандыгын айтты.

Израилдин кол салуулары Израиль мамлекетинин Палестина аймагын тарыхый, маданий жана диний өзгөчөлүктөрүнөн тазалоо долбоорунун акыркы баскычы экендигин айткан Калын, Израилге болгон кысымдын тынымсыз жана ырааттуу түрдө көбөйтүлүшү керектигин баса белгилеп ушул максатта Ислам дүйнөсү, Араб өлкөлөрү, Европа Биримдиги (ЕБ), Америка Кошмо Штаттары жана берки мамлекеттер аркылуу бул процесске кылдаттык менен көз салып жатышканын билдирди.

Калын Египеттен кийин Сирия менен да сүйлөшүүлөр өткөрүлөт деген айтымдарга байланыштуу болсо: «Булар өзүнчө темалар. Сирияда Башар Асад менен сүйлөшүүлөр өткөрүлөрү сөз болгон эмес. Маал-маалы менен чалгындоо бөлүмдөрүнүн сүйлөшүүлөрү болушу мүмкүн», - деп жооп берди.

Түркиянын 2019-жылы Ливиянын жетекчилиги менен түзүлгөн келишимдин алкагында Ливияда аскерлери бар экендигин айткан Ибрахим Калын, ал жердеги иштердин жана Ливияга берилген аскердик, саясий жана экономикалык колдоонун улантыларын белгиледи.



Тектеш кабарлар