Эрдогандын Орозо айт майрамына карата куттуктоосу

Эрдоган видео кайрылуу жарыялады.

1638394
Эрдогандын Орозо айт майрамына карата куттуктоосу

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Ислам дүйнөсүн жана түрк улутун Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Жарыялаган видео кайрылуусунда: «Буюрса биз коронавирус (Ковид-19) эпидемиясын көзөмөлгө алуу менен майрамдан кийин (17-май) нормалдашуу кадамдарын таштайбыз» деген Эрдоган: «Вакцина менен катар эпидемиялык коркунучка каршы бардык зарыл болгон ыкмаларды колдонобуз. Мунун оор бирок артында жаркын сыноо бар экендигин билип иш кылуудабыз»,-деп айтты.

«Аймагыбызда болгон дээрлик ар бир окуянын артында Түркияны өзүнүн жетишкендиктеринен ажыратуу максаттарынан алыстатуу ниети бар экени талашсыз чындык» деген Эрдоган: «Өлкөбүзгө кек сактагандарды жана алардын кошаматчыларын улутубуздун акылмандыгына коебуз. Жада калса эпидемияны дагы ушул максатта пайдалангандарга жол бербейбиз»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар