Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 278 киши көз жумду.

1636249
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 278 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 42 миң 465 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 251 миң 194 тест жасалып, 2 миң 210 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 20 миң 107 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 35 миң 529 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 662 миң 328ге жогорулады.



Тектеш кабарлар