Чавушоглу: «Евробиримдик Түркияга берген убадаларын аткарган жок»

Мевлүт Чавушоглу "Rainer Hermann" гезитине билдирүү жасады.

1635471
Чавушоглу: «Евробиримдик Түркияга берген убадаларын аткарган жок»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 2015-жылдан бери Эгей деңизи аркылуу Европа Биримдигине (ЕБ)  качкындардын агымынын 92 пайызга азайганын, буга карабастан ЕБнин Түркияга берген убадаларында чоң жылыш болбогонун билдирди.

Мевлүт Чавушоглу немис гезити "Rainer Hermannга" билдирүү жасады.

Чавушоглу, Европа Биримдиги менен Түркиянын ортосунда 2016-жылдын 18-мартында түзүлгөн качкындар келишимине токтолуп: «Түркия качкындарга байланыштуу милдеттерин аткарды. 2015-жылдан бери Эгей аркылуу Европа Биримдигине мыйзамсыз иммиграция 92 пайызга азайды. Ага карабастан Европа Биримдигинин Түркияга берген убадаларында чоң жылыш болгон жок. ЕБ жана мүчө мамлекеттер бул жааттагы милдеттенмелерин көрмөксөнгө салууну артык көрүшөт. Бир гана Түркиянын мыйзамсыз иммиграцияны алдын алуу боюнча милдеттерине көңүл бурууну тандашат», деди.

Чавушоглу Европа Биримдигинин сириялыктар үчүн ыктыярдуу гуманитардык кабыл алуу тутумун активдештирбегенин жана меморандумда көздөлгөндөй сириялыктардын террордон тазаланган аймактарга коопсуз жана өз ыктыярлары менен кайтып баруусуна колдоо көрсөтпөгөнүн айтты.

Түркиянын Орусия менен болгон карым-катнаштарына да токтолгон министр Чавушоглу: «Биздин Орусия менен диалогубуз аймактык жана эл аралык туруктуулукка салым кошот», деди.



Тектеш кабарлар