Чавушоглу ливиялык кесиптеши менен биргелешкен билдирүү жасады

Чавушоглу расмий сапар менен барган Ливиянын борбору Триполидеги эки тараптуу жолугушуулардан кийин кесиптеши Нежла аль-Менгуш менен биргелешкен пресс-конференция өткөрдү.

1633291
Чавушоглу ливиялык кесиптеши менен биргелешкен билдирүү жасады

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркия Ливиянын бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн, көзкарандысыздыгын жана саясий биримдигин сактоого маани берерин айтты.

Чавушоглу расмий сапар менен барган Ливиянын борбору Триполидеги эки тараптуу жолугушуулардан кийин кесиптеши Нежла аль-Менгуш менен биргелешкен пресс-конференция өткөрдү.

Чавушоглу, күчтүү делегация менен болгон бул сапардын максаты, Түркиянын бир тууган Ливияга, Президенттик Кеңешке жана Улуттук Биримдик Өкмөтүнө (UBH) колдоо көрсөткөндүгүн кайталоо болгонун баса белгиледи.

«Түркия катары биз Ливиянын бүтүндүгүн, эгемендүүлүгүн, көзкарандысыздыгын жана саясий биримдигин коргоону ар дайым принцип катары кабыл алдык жана маани беребиз»,-деп айткан Чавушоглу Түркиянын туруктуу тынчтык, стабилдүүлүк жана гүлдөп өнүгүү үчүн жигердүү аракеттерди көрүп жаткандыгын баса белгиледи.

Кесиптеши менен эки өлкөнүн ортосундагы деңиз юрисдикциясы келишимин жана мындан ары жасай турган кадамдарын талкуулагандарын белгилеген Чавушоглу: «Ливиялык боордошторубуздун жакшы жана жаман күндөрүндө жанында болуп, жакынкы күндөрү дагы байланыштарыбызды күчөтөбүз»,-деди.

Ливиянын тышкы иштер министри Менгуш болсо Түркиянын акыркы процесстин жүрүшүндө ливиялыктардын жанында болгонун жана өзгөчө колдоо көрсөткөнүн белгилеп, Түркияга ыраазычылыгын билдирди.

Менгуш өлкөдөгү бардык чет элдик күчтөрдүн жана жалданма аскерлердин болушун токтотуу үчүн Түркияны кызматташтыкка үндөгөндөрүн айтты.

Менгуш, эки өлкөнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарынын алкагында экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнү каалагандарын айтты.



Тектеш кабарлар