Улуттук коргоо министри Хулуси Акар "Чеңгел - Чагылган" операциялары тууралуу билдирди
"Чеңгел - Чагылган» операцияларында жок кылынган террорист саны 51ге жогорулады.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар «Чеңгел - Чагылган» операцияларында 7 террористтин дагы жок кылынгандыгын белгиледи. Жок кылынган террористтердин бирөөсүнүн аймак боюнча жооптуусу экендиги билдирилди.
Хулуси Акар Ирактын түндүгүндө жүрүп жаткан «Чеңгел - Чагылган» операциялары башкарылган Эскишехирдеги Мухарип аба күчтөрү командирлигинде изилдөө жана көзөмөлдөө жүргүздү. Министр Акар «Чеңгел - Чагылган» операцияларында бир үңкүрдө аныкталган 7 террористтин дагы жок кылынгандыгын, алардын бирөөсүнүн аймак боюнча жооптуу экендигин белгиледи.
"Чеңгел - Чагылган» операцияларында жок кылынган террорист саны 51ге жогорулады.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.