Вилла туризминдеги "эрте брондоо" бул тармакты кубандырды

Анталья вилла туризми менен да өзгөчөлөнүп турат.

1630906
Вилла туризминдеги "эрте брондоо" бул тармакты кубандырды

Эл аралык Халал Туризм Ассоциациясынын (IHATO) башкы катчысы Эмруллах Ахмет Турхан, вилла туризминдеги эрте брондоо көрсөткүчтөрүнүн кубандырганын айтты.

Деңизи, куму, күнү, тарыхый жана люкс мейманканалары менен келгендерге ар кандай эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн тартуулаган Анталья, вилла туризми менен да өзгөчөлөнүп турат.

Айрыкча коронавирус (Ковид-19) учурунда коопсуз эс алууну каалагандар артыкчылыктуу көргөн виллаларга болгон талап быйыл да кубандырды.

Турхан 2020-жылы Түркияда виллада эс алгандардын канааттануусунун быйыл эрте брондоолорго чагылганын айтты.



Тектеш кабарлар