УКМ: «Инжирлик базасы Түркия Республикасына таандык»

Улуттук Коргоо министрлигинин маалымат булактары Инжирлик базасы жөнүндөгү талкууларга сереп салды.

1630162
УКМ: «Инжирлик базасы Түркия Республикасына таандык»

Улуттук Коргоо министрлиги, Аданадагы Инжирлик базасынын Түрк куралдуу күчтөрүнө караштуу Аба күчтөрүнүн базаларынын бири экендигин жана андагы бардык объектилер менен кошо Түркия Республикасына таандык экендигин баса белгиледи.

Улуттук Коргоо министрлигинин маалымат булактары, Америка Кошмо Штаттарынын Президенти (АКШ) Жо Байден 1915-жылдагы окуяларды "геноцид" деп мүнөздөгөндөн кийин күн тартибине коюлган Инжирлик базасы жана бул базадагы АКШ желектеринин түшүрүлүшү керектиги жөнүндөгү талкууларга сереп салды.

Инжирлик базасындагы айрым объектилерди пайдалануунун Түркия менен АКШнын ортосунда 1980-жылы 29-мартта түзүлгөн Коргонуу жана Экономикалык кызматташтык келишимине ылайык ишке ашырылгандыгы белгиленди.

Келишимде "Түркия Республикасынын Өкмөтү Инжирликтеги Түрк куралдуу күчтөрүнүн объектилеринде биргелешкен коргонуу чараларына катышуусу үчүн АКШ Өкмөтүнө уруксат берет" деген жобо камтылгандыгы белгиленди.

Министрликтин булактары: «Инжирлик базасы - Түрк куралдуу күчтөрүнө таандык Аба күчтөрүнүн базаларынын бири болуп саналат, бул түрк базасы, андагы бардык объектилер Түркия Республикасына таандык. Өз желегибиз 24 саат бою көтөрүлүп турат жана эч качан түшүрүлгөн эмес. Инжирликтеги 10-Танкер базасынын командирлиги Эскишехирде жайгашкан Куралдуу аба күчтөрүнүн командачылыгына, андан кийин Аба күчтөрүнүн командачылыгына караштуу. База Командирлиги өз милдетин базанын командиринин буйругу менен аткарат» деп билдирди.

Улуттук Коргоо министрлигинин булактары, 10-Танкер база командачылыгында АКШдан тышкары Испанияга, Катарга жана Польшага таандык элементтердин бар экендигин, базадан Табигый чечкиндүүлүк операциясынын да колдоого алынгандыгын маалымдашты.

 



Тектеш кабарлар