УКМ: «Баатыр десанттар Түндүк Иракта»

Түрк куралдуу күчтөрү, Ирактын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК буталарына каршы операция баштады.

1627530
УКМ: «Баатыр десанттар Түндүк Иракта»
harekat operasyon terorle mucadele.jpg
harekat operasyon terorle mucadele.jpg

Улуттук Коргоо министрлиги (УКМ) "Баатыр десанттар Түндүк Иракта" деген билдирүүнү бөлүштү.

Министрликтин социалдык медиа баракчасында жарыяланган билдирүүдө: «Түрк куралдуу күчтөрүнүн баатыр десанттары Түндүк Иракта» деген сөзлөргө орун берилди.

Түрк куралдуу күчтөрү, Ирактын түндүгүндөгү жикчил террордук уюм ПКК буталарына каршы Метина-Зап-Авашин Басьян жана Кандил аймактарына абадан колдоого алынган кургактык операциясын баштады.

Атайын күчтөр тик учактар ​​менен аймакка киргизилген операцияда Куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар активдүү түрдө колдонулууда.



Тектеш кабарлар