Ташкөпрү сарымсагы Европа Биримдигинин географиялык көрсөткүчү катары катталды

Ташкөпрү сарымсагы менен ак нектариндин түрү имитацияга каршы Европа Биримдиги тарабынан коргоого алынган болду.

1623140
Ташкөпрү сарымсагы Европа Биримдигинин географиялык көрсөткүчү катары катталды

Кастамонунун Ташкөпрү сарымсагы Европа Биримдигинин географиялык көрсөткүчү катары катталды.

Айыл - чарба жана токой чарбачылыгы министри Бекир Пакдемирли твиттерден маалымат берип : «Ташкөпрүнүн дүйнөгө белгилүү «ак алтыны» Ташкөпрү сарымсагы Европа Биримдигинин географиялык көрсөткүчү катары катталды. Бул үчүн аракет кылган баарын куттуктаймын»,- деп билдирди.

Ташкөпрү сарымсагы менен Чанаккаленин Байрамич беязы ( ак нектарини) да Европа Бримдигинин географиялык көрсөткүч тизмесине кирди. Ушундайча Түркиянын Европа Биримдигинде тастыкталган географиялык көрсөткүчү 7ге чыкты.

Бул сарымсак менен ак нектариндин түрү имитацияга каршы Европа Биримдиги тарабынан коргоого алынган болду.

Бул өнүмдөрдү каттоо документтеринде жана өнүмдүн техникалык шарттарында көрсөтүлгөн ыкмаларды колдонуу менен тиешелүү аймактарда өндүрүүгө болот.

Акыркы чечимдер менен бирге Европа Биримдигинин географиялык белги тизмесинде Түркиядан «Антеп баклавасы», «Айдын анжири», «Малатия өрүгү», «Айдын каштаны», «Ташкөпрү сармсагы», «Милас зайтун майы» жана «Байрамич беязы» (ак нектарин) каттоого алынган 7 продукция бар.

 

 



Тектеш кабарлар