Мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандар кармалды
Колго түшкөндөрдүн бирөөсү ДАЕШ, алтоосу ФЕТӨ террористтик уюмдун мүчөсү экени аныкталды.
1621864
Түркиядан Грецияга, Ирандан Түркияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 23 киши кармалды.
Улуттук Коргоо министрлигинин Твиттердеги аккаунтунда жарыяланган билдирүүдө: «Чек араларыбыздан мыйзамсыз өтүүлөргө каршы күрөшүбүз уланып жатат. Өлкөбүздөн Грецияга жана Ирандан өлкөбүзгө мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган 23 киши кармалды. Колго түшкөндөрдүн бирөөсү ДАЕШ, алтоосу ФЕТӨ террористтик уюмдун мүчөсү экени аныкталды», деп маалымдалды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.