Эрдоган:«ЕБ башка мүчө өлкөлөр менен бирдей процесстерге ээ болушубузду камсыздашы керек»

Президент Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

1620698
Эрдоган:«ЕБ башка мүчө өлкөлөр менен бирдей процесстерге ээ болушубузду камсыздашы керек»

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Европа Биримдигинен (ЕБ) биздин бирден-бир өтүнүчүбүз, мүчөлүккө кабыл алынган башка өлкөлөр менен бирдей процесстерге жана чараларга ээ болушубуздун камсыздалышы»,-деди.

Президент Эрдоган Министрлер кабинетинин жыйынынан кийин билдирүү жасады.

Европа Биримдигинен (ЕБ) бирден-бир өтүнүчүнүн, мүчөлүккө кабыл алынган башка өлкөлөр менен бирдей процесстерге жана чараларга ээ болуусун камсыз кылуусу экендигин баса белгилеген Эрдоган: «Түркиянын демократиясы, адам укуктары, мыйзамдын улуктугу, экономикада коопсуздук жана туруктуулук сыяктуу маселелер боюнча аракеттер биринчи кезекте жарандардын укуктары, эркиндик жана жыргалчылыктын деңгээлин көтөрүүнү максаттайт. Эгер биз ушул процессти Европа Биримдиги менен бирге жүргүзсөк абдан канааттанган болобуз,андай болбосо биз өзүбүздүн жарандар үчүн эң жакшысы, кайырлуусу жана пайдалуусу эмне болсо ансыз деле аны жасоону улантабыз»,-деди.

Украина менен мамилелерди жакшыртуу үчүн таштала турган ар бир кадам аймактын тынчтыгы жана бакубаттыгы үчүн маанилүү деп эсептээрин айткан Эрдоган, Ливия темасында болсо: «500 жылга жакын илгерки карым-катнаштарыбыз бар Ливиянын тынчтыгы жана жыргалчылыгына эң аз өзүбүздүн коопсуздугубуздай маани беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар