Чавушоглу мальталык кесиптеши менен жолугушту
Чавушоглу кесиптешин июнь айында өткөрүлүшү пландалган Анталья Дипломатия форумуна чакырды.
1620358
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Анкарада иш сапары менен жүргөн Мальтанын тышкы иштер министри Эварист Бартоло менен жолугушту.
Жолугушуу тууралуу Твиттерден маалымат берген Чавушоглу кесиптеши менен Ливия, Кипр, Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги акыркы окуялар жана Түркия-Европа Биримдиги мамилелерин талкуулашканын билдирди.
Чавушоглу Бартоло менен ошондой эле түрк компанияларынын Мальтадагы инвестициялары, Ишкердик кеңештин жыйыны жана саламаттык сактоо тармагы менен катар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө сүйлөшкөнүн белгилеп, кесиптешин июнь айында өткөрүлүшү пландалган Антальядагы Дипломатия форумуна чакырды.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Казакстандын премьер-министрин кабыл алды
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Анкарага келди.