Түркиядагы акыркы коронавирус көрсөткүчтөрү
Акыркы 24 саатта вирустан 276 киши көз жумду.
1616855
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 276 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 32 миң 943 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 302 миң 108 тест жасалып, 2203 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 54 миң 740 болду.
Ооруканадан айыгып чыккан 35 миң 503 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 3 миллион 194 миң 978ге жогорулады.
Тектеш кабарлар
Эрдоган Парламенттер аралык Кудс платформасында сөз сүйлөдү
Палестина калкынын бүгүнкү күндө тарыхтын эң ырайымсыз зулумдарына дуушар болгонун айтты.